Москвада жасалма авиабилетти мекендештерине сатып жүргөн кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

 

Өткөн жылдын 30-декабрында бир нече кыргызстандык элчиликке кайрылышып, аларды “Домодедова” жана “Шереметьево” абамайдандарынан рейстен түшүрүп калышканын айтып даттанышкан. Кийинчерээк, алар билеттерди 18-19  миң рублга Кыргызстандын жаранынын авиакассасынан сатып алышканы, ал эми андай авиакасса каттоого алынбаганы белгилүү болгон.

 

Ушул жылдын 21-январында шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал Кыргызстандын 23 жаштагы жараны болуп чыккан. Факты боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары жүрүүдө.