УКМКнын тергөөчүлөрү экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев материалдар менен таанышуу процессин атайын создуктуруп жатат дешүүдө. А бирок, адвокаттын айтымында, Кулматовдун иши 19 томдон турат жана аны менен таанышуу мөөнөтү 31-январда аяктайт.

 

 Адвокат УКМК туура эмес график түзгөнүн айтты.

 

“Мен физикалык жактан жетишпей калып жатат, а тергөөчү создуктуруп жатат деп айыптоодо. Мен бул арызды обьективдүү түшүндүрүп берүүлөрүн талап кылдым. Көрсө, УКМКнын өкүлүнө мен атайын белгиленген күнү келбей, материалдарды окубай койгондой сезилип жатыптыр. Менин андан да башка иштерим болгондуктан бара албай калам”, - дейт Слесарев.

 

 Кулматов коррупция беренеси боюнча айыпталып жатат. Ал 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.