
Анткени эки айга жакын убакыттан бери жападан жалгыз Мамлекеттик цирктин жетекчиси дайындалбай, кароосуз калууда. Акыры чыдамы түгөнгөн же ит жыгылыш абалда калган цирк кызматкерлери 21-январда парламент имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты.
Алар мекеме жетекчилигине цирк өнөрүн жакшы түшүнгөн адамдын дайындалышын талап кылып, бул кызматка гимнаст Аида Акматованын талапкерилигин сунушташууда. Акция катышуучулары директор 45 күндөн бери дайындалбай, ага кимдердин талапкерлиги каралып жатканы ачык айтылбай жатканына нааразычылыктарын билдиришти. Эгер бул талаптар аткарылбаса цирктин 40 артистинин 35и жумштан кетүү тууралуу арыз жаза тургандыктарын билдиришти.
Циркти 2004-жылдан бери жетектеп келаткан буга чейинки директор Курмангазы Исанаев былтыр жыл соңунда жамааттагы нааразылыктардан улам кызматтан кеткен. Андан көп өтпөй цирктин бухгалтериясынан өрт чыгып, мурдагы директордун документтери күйүп кеткендиги да шек туудурат.
Маданият министри Азамат Жаманкулов учурда цирктин жетекчилигине төрт кишинин талапкерлиги каралып жатканын билдирүү менен чектелди. Эми жамаат менен министрдин пикири эки ача чыкса, анда эмне болот? 35 кызматкер жумуштан кетип калса, өлкөбүздөгү жападан жалгыз бул өнөр мекемеси жабылып калабы? Айтор жаш министр А. Жаманкуловдун кадр саясаты жакшы эмес болууда.
“Майдан. kg” гезити