Бул операция Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси жана кайрылуусу менен Корея кайрымдуулук “Милал” жүрөк фондунун колдоосу астында жасалды. Операция ийгиликтүү өтүп, учурда бейтаптын абалы жакшы экендигин облусттук администрациянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетүүчү жагдай, жүрөгүнө операция жасалган жергиликтүү аял тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркап келген.
"Операцияны Бишкек шаарынан келген 12 дарыгерден турган кардиохирургдардын бригадасы жасашты. Алар кардиология илимдеринин доктору, кардиохирург Жамалбек Ашымов баштаган Кыргызстандын кардиохирургия жана трансплантация илимий изилдөө институтунун дарыгерлери. Алыскы аймактагы алгачкы операциянын жүрүшүнөн КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев да кабар алды", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, апрель айында бир катар тубаса жүрөк кемтиги менен ооруган жаш балдарга акысыз операция жасалары да күтүлүүдө.
Жүрөк илдети Кыргызстанда адамдар эң көп жабыркаган жана жарык дүйнө менен кош айтышкан ооруулардын алдыңкы сабында турат. Ал эми мындай оорууга кабылгандарды дарылоо, болгондо да операция жасоо кымбат тураары белгилүү. Айрымдары алыскы айылдардан Бишкекке да келе алышпайт. Ошондуктан колунда жок бей-бечаралар жарык дүйнө менен коштошуп кетип жатышы да ачуу чындык. Бул ирет саламаттык сактоо министрлиги кореялык фонд менен биргеликте республикабыздын эң алыскы аймагына барышып, колунда жок аялга операция жасап, ийгиликтүү аякташы чоң жаңылык болду.
“Майдан. kg” гезити