22-январда КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Ош облусунун Алай жана Чон Алай районунун жергиликтүү бийлик жетекчилери менен жолугушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Алай районунун акими Замирбек Молдокулов Ак-Кочкор, Кызыл-Алай, Чоӊ-Каракол айыл аймактарындагы көйгөйлүү делген маселелерди тизмектеди. Анын айтымында, таза суу чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен Ак-Кочкор айылына 1,5 млн сом, ал эми Кызыл-Алай айылына 1 млн 300 миӊ сом акча каражаты бөлүнгөн. Тилекке каршы, бул иш аягына чыкпай калган. Андан тышкары, Чоӊ-Каракол айылында сугат суу жетпегендигинен улам 35гектар жер тилкеси иштетилбей жатат. Андыктан, алар суу чыгаруучу насоско муктаж. Ошондой эле Кызыл-Алай айылына бала бакча куруп берүү өтүнүчү айтылды.
Жолугушууга катышкан аткаруу бийлигинин тармактык мекемелеринин өкүлдөрү айтылган көйгөйлөрдүн чечилиши жолдорун белгилешти.