КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Чаткал районунун ӨКМ кызматкерлери Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы мектеп окуучуларына өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрү менен таанышуу иш-чарасын жүргүздү.

 

Аталган иш-чарага С.Байдоолотов мектебинин жогорку класстарынын окуучулары катышышты.

 

Окуучуларга ӨКМдин бөлүмү менен таанышуу учурунда өрт өчүрүүчү автоунааларды, өрткө каршы шаймандарды жана 112 бирдиктүү нөөмөт кызматы тууралуу маалыматтарды кеңири берди.