Мамлекеттик цирктин артисттери маданият министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовду сотко беришет.
“Фархад Бекманбетов телеканалдардын бирине берген маегинде каршылык акциясынын катышуучулары акыркы жылдары циркте болуп жаткан башаламандыкка себепкер деп айтты. Биз, артисттер, Бекманбетов калп айтты жана кезектеги жолу элди адашууга түртүп жатат деп айтабыз. Маданият министринин орун басары болуп туруп тийиштүү чара көрбөгөнү аз келгенсип, эми жоопкерчиликтин баарын артисттерге төңкөрүп жатат. Ошондуктан, аны 4 миллион 541 миң 400 сомго доого жыгып, сотко беребиз. Анткени, убагында мурдагы директор Курмангазы Исанаев циркке ушунча суммадагы зыян келтирген”, - деди труппанын башчысы Данияр Бөлөкбаев.