Кыргызстанда бир сутканын ичинде алты өрт кырсыгы катталганын ӨКМдан билдиришти.
Анда айтылгандай, Бишкекте эки жерден өрт чыккан, Ош, Нарын шаарларында жана Ысык-Көл облусунда бир, Чүй облусунда 3 жерден өрт кырсыгы катталган.
Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн биринде электр тогунун жабыркашынан палас менен телевизор күйүп кеткен.