Ленин райондук соту тарабынан 1964-жылы туулган жаранга карата чечим кабыл алынды.

 

Маалым болгондой, өткөн жылдын 23-сентябрында Ак-Өргө жаңы конушунда той болуп, анда бийлеп жаткан Айсалкын аттуу (аты өзөртүлдү) аялга пневматикалык тапанчадан ок атылган. Жабырлануучунун айтымында, бийлеп жатып эле тарс эткен үндү уккан да, ошол заман бел тарабы катуу ооруп кеткен. Аял ооруканага жеткирилген. Ал айыпталуучуга доомат артуудан баш тартты.

 

Сот айыпталуучуну айыптуу деп таап, 4 жылга эркинен ажыратууну өкүм кылды. Сот жазаны 2 жылга шарттуу түрдө сыноо мөөнөтүн бекитти.