Эки балалуу кыргыз аял бир жума Москванын метросунда баш калкалаган. Москва шаарындагы кыргызстандык аялдардын кеңеши көчөдө калган мекендешибизге жардам берип, үйүнө кайтарган. Бул тууралуу аталган кеңештин өкүлү Динара Усупова билдирди.
Маалыматка караганда, үй-бүлө материалдык жактан толук камсыз болгон эмес. Күйөөсү мындан улам тез-тез ачууланып, аялына кол көтөргөндү адатка айланткан. Өткөн жылдын күз мезгилинде аял күйөөсүнүн кызыл камчысына чыдай албай, эмчектеги жана беш жашар эки баласын жетелеп үйдөн чыгып кеткен.
Аялдын ал шаарда туугандары жана тааныштары болбогондуктан, метродо жашоого туура келген. Аталган уюмдун мүчөлөрү байкап калышпаганда, ага дагы канча күн көчөдө жашоого туура келет эле, белгисиз.
Аялдар кеңешинин өкүлдөрү аялды балдары менен үйүнө алып барышып, күйөөсүнө тарбиялык иш өткөрүшүп, үй-бүлөгө материалдык жактан жардам беришти.
Бул окуяны айтып берген Динара Усупова эркектин аялы бир жумалап дайынсыз кетсе да, издебей үйүндө беймарал жатканына таң калганын билдирди. Күйөө жардамга акча жана памперс алып, тынчтанган. Ал эми аял учурда күйөөсүнө даттанбай калды.