Ош облусунда кечээ, 21-январда саат болжол менен 15.15 чамасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, жер титирөө очогунда 3 баллга жеткен. Анын таасири Өзгөң районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн жана Кароол айылдарына жеткен.
Кызыл Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш жана кандава айылдарында жер титирөө 2,5 баллга жеткен. Кырсыктан жапа чеккендер жана кыйроолор жок.