Алардын 630 миңи Россия Федерациясынын аймагында эмгектенишет. Алар жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат.

 

Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди. 

 

Айтымында, чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат. 

 

Ошондой эле Имангазиев Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип коопсуздугун көзөмөлдөгөн  Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар экенин билдирди. Бегилешинче,  алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда. Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу  консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш - аракеттер жүрүп жатат.