Мамлекеттик цирктин артисттери Акүй алдында оюн көрсөтүшүүдө. Алар бул аракеттери менен Акүйдөгү аткаминерлердин көңүлүн цирктин башчылыгына талапкерлер арасындагы интригага бурдурууну ниеттенишкен. 

 

Эске салсак, цирктин мурдагы жетекчиси Курмангазы Исанаев жакында кызматынан кеткен. Ал бул орунда 14 жыл иштеди. Андан кийин цирктин жаңы жетекчиси дайындала элек. Эмгек жамаат өздөрүнүн чөйрөсүнөн чыккан адам жетекчи болушун каалашат жана Аида Акматованын талапкерлигин сунушташкан. 

 

Бирок, артисттердин айтымында, цирктин жетекчилигине маданият министри коррупциялык жол менен тандалган талапкерди алып келүүгө аракеттенип жатат. Ошон үчүн артисттер акыркы айласын жасап, митингге чыгышты. Эгер талаптары аткарылбай, цирк дүйнөсү менен тааныштыгы жок адам жетекчиликке келе турган болсо, эмгек жамаат баары иштен кетээрин да айтышты.