Бишкектеги Октябрь райондук сотунда бүгүн, 21-январда  табып Хашим Зайналиевдин иши каралды. Ал “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси менен айыпталып жаткан.

 

Иштин материалдары сот өндүрүшүнө өткөн жылдын 31-декабрында келип түшкөн. 23 –декарда табып кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Онкологиялык дарт менен ооруган беш жашар кыздын акыбалы табыпка баргандан кийин оордошуп, ооруканага жеткирилген. Бирок, кыз эсине келбей көз жумган. Анын ата-энеси табыпка каршы арыз жазуудан баш тартышкан.

 

 Октябрь райондук соту Зайналиевдин ишин жабырлануучунун арызы жок деген негиз менен токтотту. Ал сот залынан бошотулду.