Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты иштин материалдары сотко өткөрүлдү деген маалыматты жокко чыгарды. Адвокат Айжан Орозакунованын айтымында,тергөө узартылды, бирок бул убакыт да бардык материалдарды топтоого жана таанышууга жетиши   күмөн.

 

Буга дейре маалымат каражаттарында экс-депутаттын иши боюнча тергөө аягына чыгып, материалдар сотко өткөрүлгөнүн жазышкан.

Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча айыпталып жатат.

 

“Бул ишти тергөө 13-февралга жылдырылган. Ушул убакка чейин тергөө бардык материалдарды топтой алабы, белгисиз. Андан тышкары ЖЭБ иши боюнча айыпталып жаткандардын баарынын адвокаттары материалдар менен таанышып чыгышы керек. Андан кийин гана прокуратурага берилет, андан соң сотко”, - дейт адвокат.

 

Белгилей кетсек, экс-депутат декабрда ооруканага которулуп, операция болгон.