Бишкектин 7-апрель жаа Горький көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 21-январда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.
Жыйынтыгында, экинчи автоунаанын жүргүнчүсү 33 жаштагы аял окуя болгон жерде көз жумду. Ал эми биринчи автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди.
ӨКМнын куткаруучулары автоунаадан маркумдун сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.