Бишкектеги Мамлекеттик цирктин артисттери жетекчиликтин тегерегинде пайда боло баштаган интригаларга каршылык көрсөтүү ниетинде шаардын көчөлөрүндө, ачык асман алдында номер аткарышат. Бул тууралуу цирктин эмгек жамааты билдирди.

 

Алар Акүй алдына митингге чыгышат. Ачык асман алдында шоу көрсөтүп, аны менен цирктин жетекчилик орунунун айланасында пайда боло баштаган интригаларга каршылыгын билдиришет.

 

“Бизге маалым болгондой, цирктин жетекчилигине көп талапкерлер пайда болуптур. Ошондуктан Маданият министрлиги эмгек жамааты сунуштаган талапкерди дайындоону кечеңдетип жатат. Бизге балетмейстер, кинорежиссерду, ал турмак мурда соттолгон адамды да таңуулашты. Бирок, эмгек жамаат позициясын өзгөртпөйт, бизге цирк чөйрөсүнөн жетекчи керек”, - дейт артисттер.

 

Ошондой эле алар цирктин жетекчисин дайындоодо коррупциялык оюндар да күч алганын айтышты. Алар мындай иш аракеттерге чечкиндүү каршылык көрсөтүшөт. Циркке башка чөйрөнүн адамын алып келүү үчүн аны шарттай турган сынакты ойлоп табышты.

 

“Ошондуктан биз митингге чыгып, ачык асман алдында номер аткарабыз. Биздин үнүбүздү президент угушун каалайбыз. Жалпы труппа иштен кетүү чечимин кабыл алдык. Циркти биз министрге калтырабыз, а арена ар кандай жол менен жетекчилик орунду ээлеп калууга аракеттенген аткаминерге буйрусун. Ушуну менен биз акыркы учурда күбө болуп жаткан коррупциялык иш аракеттерге каршылык көрсөтөбүз”, - деп билдиришти цирктин артисттери.