Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү Агенттигинин каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Талантбек Тынысовду Жогорку Кеңештин жыйынында айрым депутаттар дресс-кодго ылайык кийинип келбегенин айтышып, жыйындан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Кара костюмдун ичинен ачык түстөгү свитер кийинген бухгалтердин көрүнүшү галстук тагынган эл өкүлдөрүнө жакпай калган.

 

Бул коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Колунан маанилүү маселе чечүү келбей, келгендердин кийимине гана сын айтканга жараган айрым депутаттар элдин нааразычылыгында калып, депутат кечирим суроосу керек деген талап коюшкан. Вице-спикер Мирлан Бакировдун гана ооз учунан кечирим сураган видеосу соцтармактарга жарыяланды.

 

Бирок, Талантбек Тынысовдун айтымында, андан эч ким кечирим сураган жок. Айтымында, ал күнү Жогорку Кеңешке бараары тууралуу бир саат калганда гана уккандыктан, кийим алмаштырууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

 

Костюм-шым, көйнөк кийип, галстук тагынгандар отурган жерди гана парламент деп түшүнгөн айрым депутаттар карапайым бухгалтерден кечирим суроону абройлорун түшүрчүдөй сезишти көрүнөт.