Жаңы кабыл алынып, ушул жылдын 1-январынан баштап ишке кирген Кодекс боюнча мас абалында рулга отурган айдоочуларга кандай чара көрүлөт? Ушул суроо учурда коомчулукту кызыктырып турган чагы. Кодекске таянсак, мас абалында кармалган айдоочунун айдоочулук күбөлүгү мурункудай тартылып алынбайт, ал турмак автоунаа акы төлөнүүчү аянтка да кигизилбейт. Анда айдоочуну кандай жаза күтөт? Бир гана айып пул чегерилүү менен жаза бүтөбү?

 

Бул суроого Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө алуучу Башкармалыктан жооп кайтарышты. Анда айтылгандай, мас абалындагы айдоочудан күбөлүк тартылып алынбайт. Бирок, ошол абалында айып пул төлөгөндөн кийин машинесин айдап кетүүсүнө да жол берилбейт. Мурдагыдай МАИ кызматкерлери мас абалындагы айдоочунун машинесин айдап, акы төлөнүүчү токтотуучу жайга да жеткире алышпайт.

 

Айдоочуга айып салынгандан кийин анын машинесин айдоочулук күбөлүгү бар таанышы келип айдап кетиши керек. Ал эми наркологияга айдоочу МАИ кызматкеринин автоунаасы менен барат.

 

Мас абалында кармалган айдоочу жаңы Кодекс боюнча 17500 сом айып пул төлөйт.