Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгы 1978-жылы туулган Мухабаев Казыхан Арипхановичке издөө жарыялады. Жаран 12-январда Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес.

 

Белгилери: боюу – 145-150 см, арыкчырай, чачы кара, кыска кыркылган, көзү кара, мурду кырдач. Кара куртка, кофе түстүү көйнөк, күңүрт көк түстүү кофта, кара спорттук шым, кара кышкы ботинка кийген.

 

Өзгөчө белгилери: экинчи топтогу майып, эс-тутуму начар, жакшы сүйлөй албайт.

 

Милиция сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо   0 (312) 36-35-27,   0 (312)36-35-23, 0 (550) 51-09-05, 0 (704) 31-25-05, 0 (550) 34-33-63 же 102 телефон номерлерине байланышууну суранат.