Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев   20-январда, телефондук сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевди туулган күнү менен куттуктады.

 

Россиялык Өкмөт башчысы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

 

Эки өлкөнүн Өкмөт башчылары ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттешүүнүн көп багыттуу келечегин талкуулашты.