Нурбек ИСМАИЛОВ 34 жашта. Жогорку билимдүү. ОшМУнун Бизнес жана Менеджмент факультетинин каржы адистигин бүтүргөн. Үч  уулдун атасы. Жергиликтүү бийлик абдан чоң ишеним артып, аны Кыргызстандын түштүк башкалаасындагы карызы эң көп “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын жетекчилигине дайындады. Кабарчыбызга курган маегинде жаш директор аталган тармакты дагы санариптештирүү жемкорлукка гана биротоло чекит коеруна бекем ишендирди.

 

- Нурбек мырза, карызга белчесинен баткан ишканага неге жетекчиликке макулдугуңузду бердиңиз?

 

- Ырасында “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын күйүүчү-майлоочу майга, Социалдык фондго жана салыкка эле карыздары 12 миллион сомду чапчыптыр. Ал эми дебитордук карыздары (кардарлардын – тургундардын, мекеме-ишканалардын) 10 миллион сомдон ашыптыр, эй. Эң өкүнүчтүүсү: бул карыздар күн өткөн сайын туумдары кошулуп, улам эле көбөйүп баратпайбы.

 

- Эми мынча акчаны карызкорлордон өндүрүү жагын анда кантесиздер?

 

- Бизде, чындыгында, кардарларга түздөн-түз таасир этүүчү, же аларды өзүбүзгө биротоло көз каранды кылуучу рычаг дегеле жок! Маселен, газга, же электр энергиясына убагында төлөшпөсө, аларды жалдыратуу жана чөгөлөтүү механизми бар. Мисалы, адистер кардардын газ түтүгүн кыркып, же электр түйүнүн өчүрүп ташташат. Болду. Анан аргасыздан газчылар жана электриктер менен кардарлар сөзсүз эсептешет.

 

Ошондуктан, биз адегенде кардарларыбыз арасында түшүндүрүү жана ынандыруу жараянын гана ого бетер күчөттүк. Буга дагы таптакыр көнүшпөсө, административдик айып салып жатабыз. Бирок, муну үчүн айып өлчөмү гана бир аз көбөйдү.

 

- “Какаганга -муштаган” дегендей, техникаларыңыз деле таптакыр эскирип бүтүптүр го?

 

- Ооба. Техникаларыбыз дагы дээрлик бүтүндөй эскирген. Аларды эптеп туралы десек, тетиктери дагы абдан эле кымбат. Мэр Таалайбек Сарыбашевдин кийлигишүүсү аркасында быйыл ушул максатта шаарыбыздын бюджетинен 30 миллион сом ажыратылмакчы. Ошону чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.

 

- Жөн жатпай, башка булактарды, мисалы, донор уюмдарды деле издебейт белеңиздер?

 

- “Ош тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына жаңы техникаларды сатып алуу өтүнүчү менен Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкына атайын кайрылганбыз. Алардын талабына ылайык ушул жылдын 20-февралында ишканыбыздын атайын Порталын дагы ачабыз. Анан гана тендер жарыялайбыз. Ошентип, тендерде уткан ишкана, буюрса, бизге жыйырмадан ашык заманбап техникаларды апкелет. Буга улай таптакыр эскилиги жеткен таштанды контейнерлерибизди дагы чекесинен жаңылайбыз.

 

- Анан “Ош шаарына таштанды полигонун курабыз” деген аракет дагыле күн тартибинен түшө электир?

 

- Туура. Бул идея дагыле көңүлүбүздүн борборунда. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкы заманбап таштанды полигонун, буга улай таштандыларды кайра иштетүүчү заводун каржылоого ынтызар. Менимче, бул максатыбыз 2020-жылдарда сөзсүз жүзөгө ашырылат. Ошентип, таштандыны жөн гана ыргытпастан, андан керектүү нерселерди даярдаганга дагы ыктамакчыбыз. Бул аркылуу шаар бюджетин толтурууга кошумча булак табылат.

 

- Нурбек мырза, жашырып не, жалпыга маалымдоо каражаттары жазышкандай, Сиздердин ишканада деле жемкорлук жетиштүү. Ошентсе да, мындай жосунсуз жоруктарга бөгөт коюу аркетиңиздер дегеле байкалбайт ко?

 

- Кантип? Биз дагы президентибиз Сооронбай Жээнбековдун талабына ылайык ишканабызга төлөмдөрдү мындан ары бара-бара санариптештиребиз. Ошондо гана, албетте, жемкорлукка биротоло чекит коюлаарына менен бекем ишенем! Анткени, кардарларыбыз менен кызматкерлерибиз түз мамиле түзүүдөн айрылышат. Демек, бул аркылуу кылмыштуу жоруктарга барууга биротоло тыюу дагы салынат.

 

 

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан. kg”гезити