Ош базарынын аймагындагы соода-сатыкты жашыруун жүргүзгөн соодагерлерди менчик кайтаруу агенттиги көзөмөлгө алат. Бул тууралуу Ленин районунун акими жарыялады.
Айтымында, өткөн жылдын декабрь айында жүргүзүлгөн рейдден кийин базар тазаланып, жыйынтыгы жакшы болду.
Анын натыйжасында, Бейшеналиева, Токтогул, Киев көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде турган легалсыз соодагерлер толугу менен кетирилди. Ош базарынын дирекциясы менчик кайтаруу агенттигин жалдашты. Эми алар базардын тартибине жооп беришет.
Бирок, учурда Кулиев көчөсүндө соода-сатык улантылууда. Ал жерде “Берекет” базарынын өрттөнгөн бөлүгүндө иштеген соодагерлер турат.