Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары Мавлян Аскарбековдун маалыматына караганда, ушундай мүнөздөгү эреже бузууларды караган комиссиянын курамы жакында бекитилет.
Ошондо, Акүйгө түкүргөн жаран да жазадан качып кутула албайт.
“Комиссиянын курамы бекитилгенден кийин Акүйдүн жанында түкүргөн жарандын кылыгы да каралып, ага тийиштүү чара көрүлөт”, - деди Аскарбеков.
Эске салсак, Акүйгө түкүрүп, айып пулу катары 5 миң сомду көрсөтүп, өзүн видеого тарткан Рамис аттуу жаран Тоң районунан кармалганы айтылган. Милиция кызматкерлери ага түшүндүрүү ишин жүргүзгөндөн кийин кое беришкен. Жазалоонун механизми иштелип чыга электиктен, азырынча айып пул төлөй элек.