Буга дейре Мүзүралиев Бишкектин чок ортосуна жайгашкан бала бакчанын ордуна Түлеев соода борборун ачып алганын жарыялаган. Ага жооп кылып Түлеев “бул депутаттын артында Өмүрбек Бабанов туруп, ошол айттырып жатат деп ойлоого аргасызмын”, - деген.
Ал эми депутат Бабановду 2017-жылдын 19-октябрында акыркы жолу көргөнүн айтты.
“Менин сөздөрүмдү саясатка айлантуунун кереги жок. Түлеевдин менин ишмердүүлүгүмдүн артында Бабанов турушу мүмкүн деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Мен шаардык кеңештин депутаты катары элдин үнүн гана жеткирип койдум. Анткени, мага шаардыктар бала бакчаларды кайтаруу маселеси боюнча көп кайрылышат. Токтогул-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бала бакча менчиктештирилип кеткенин баары билишет. Анын ордунда бүгүнкү күндө Түлеевге таандык имарат турат”, - деди депутат.
Ал экс-мэрдин аракетин туура эмес деп бааларын белгиледи.
“ММКларга чыккан маалыматты текшербей туруп бир жактуу кабыл алып алды. Менин шаардыктардын, шайлоочуларымдын кызыкчылыгын коргогон ишмердүүлүгүм Бабанов менен Түлеевдин мамилесин бузушу мүмкүн деп ойлоо жаңылыштык”, - деп белгилейт депутат.