Ала-Тоо аянтында, кечээ, 17-январда митинг болгон. Көпчүлүк Кыргызстанда иштеп жаткан Кытай жарандарына каршылыктарын билдиришкен.
Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, аларга айып салуу эреже бузуу Кодексине ылайык жүргүзүлгөн. Кармалган 21 митингчиге мындан ары эреже бузууларга барбашы үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Митингчилерге парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров чыгып, алардын талабын укту. Андан кийин айрым митингчилер тарабай коюшкандыктан милиция кармап кеткен.