Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, өкүнөөрүн билдирген.
Анын айтымында, учурда пенсияда, мотоциклде жүк ташып, күнүмдүк оокат-ашка каражат табат. Экинчи никеси менен жашайт жана андан бир уул, бир кызы бар.
“Кызым үйдөн качып кеткенде издеп таба албадым. Аны парктан милиция кызматкерлери табышып, алып келишти. Дагы качып кетпесин деп чынжыр менен байлап койдум. Бирок, ал үчүнчү жолу да дааратканага барам деп качып кетти. Мен аны тарбиялоо максатында чынжырга байлагам” , - деген айыпталуучу сотто.