Учурда Бишкек шаардык соту Зилалиевдин кылмыш иши боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин кароону аяктады. Райондук чечимдин үстүнөн экс-вице-премьер-министрдин адвокаты даттанган. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эске салсак, Зилалиев президенттин инаугурациясы учурунда шаардын көчөлөрүнүн бирине бомба ташталганы тууралуу курсантка жалган маалымат бергени үчүн айыпталган.
Адвокаттын айтымында, соттун чечими Конституциянын нормаларына кайчы келет. Кылмыш кодексинин жаңы редакциясына ылайык, сот Зилалиевдин шарттуу жазасын 2 жыл алты айга чейин кыскартууга тийиш болчу. Анткени, экс-вице-премьер-министрдин тамашасы эч кимге зыян алып келбегени тастыкталган. Бирок, ага карабай адвокаттын айтымында, Зилалиев эски кодекс боюнча кесилди.
Чынара Жакупбекова эми Жогорку сотко арызданат.