Айтымында, бул боюнча ал сотко арыз менен кайрылган. Экспертиза Кулматовсуз жүргөн. Бул айыпталуучунун укугун одоно бузуу болуп эсептелинет.

 

“Кылмыш ишинин материалдарын сотко өткөрүшө элек. Материалдар менен кеңири таанышууга мүмкүнчүлүк бербей, УКМК мени шаштырууда. Күн сайын УКМКга барып материалдарды окуганга аргасыз болуп жатам. Бул менин да укугумду бузат”, - дейт адвокат.

 

 Кулматов 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөөнүн версиясы боюнча ал шаарды башкарып турган убагында эки мектепти куруу үчүн 2 миллион доллар гранттык каражатты пайдаланган.