Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов дагы бир кылмышка шектелүүдө. УКМК бул боюнча тийиштүү көрсөтмө бергенин билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын башкы тергөө Башкармалыгы “Дастан” ТНК” ААКсы боюнча кылмыш ишин иликтөө чарасынын алкагында “Күнөстүү жээк” Пансионаты” ААКсынын 100 пайыздык пакет акциясын арзандатылган баада берүүдө Албек Ибраимов “Жооптуу адамдардын кызмат абалынан пайдалануу менен мамлекеттик мүлктү ири суммадагы чыгашага учуратуу” беренеси боюнча кылмышка шектүү болуп табылды.
“Дастан” ТНК” ААКсынын төрагасы Албек Ибраимов президенттик аппараттын жетекчи орун басарынын айтуусу менен аталган пансионаттын 100 пайыз акциясын арзандатылган баада саткан. Анын жыйынтыгында 98 пайызы мамлекетке караштуу “Дастан” ТНК” ААКсына 82 миллион 750 миң 556 сом чыгым келтирилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, аталган пансионаттын 100 пайыз акциясынын учурдагы ээси чыгымды ордуна келтирди.
Эске салсак, Албек Ибраимов аталган ААКга керектүү материалдарды жогорулатылган баада сатып алып, мамлекетке зыян келтиргени үчүн кармалган. Ага коррупция беренеси боюнча айып тагылган.