Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Жогорку Кеңеште айтканына караганда, расмий статистикада 60 кыргыз кызы кытай улутундагы жигиттерге турмушка чыккандыгы катталган.
"Бул такталган маалымат", - деди Өмүрбекова.
Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов коомчулуктагы козголоңго өкмөттүн унчукпаганын айыптады. Пикиринде, эгер ушул маалымат эртерээк коомчулукка айтылганда, бүгүнкүдөй ызы-чуу болмок эмес.
"Мурдараак айтсаңар болбойт беле? Интернетте 60 миң кыргыз кыз Кытай жарандарына турмушка чыгып кетти деп жарыялап жатышат. Ошондуктан, эл митингге чыгышты", - деди депутат.
Бүгүн, Кытай жарандарынын Кыргызстанда иштегенине каршылык көрсөтүп митинг өткөрүлдү. Андагы талаптардын бири так ушул маселенин тегерегинде. Митингчилер кыргыз кыздарынын Кытай жарандарына турмушка чыкканына каршы болушуп, мындай никеге мамлекет тарабынан тыюу салынышы керектигин, эгер аны укпай баш кошчулар бар болсо, айыппул салынышы зарылдыгын айтышты.