Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңы Кодекс боюнча депутаттарга бир катар маалымат берди. 

 

Депутат Исхак Пирматов мас абалында кармалган айдоочуга кандай чара көрүлөрүнө кызыкты. 

 

"Ал айып пулду төлөп, андан кийин кайра мас абалында автоунаасын айдап кете береби?" - деп сурады эле, Разаков шашкалактап "Ооба, ооба", - деп эки ирет айтып жиберди. 

 

Ал айдоочу эрежени кандай бузса да, күбөлүгү алынбай турганын кошумчалады. 

 

Бул депутаты нааразы кылды. 

 

"Акчасы бар адам ичимдик ичип, автоунаа айдап, анан 17500 сом төлөп койсо эле болду экен да. Мында айып пулду 170 миң сом кылсак да аз болчудай. Автокырсыктардан каза болгон жарандардын саны өтө көп, согуштай эле болуп жатат. Анан мас абалында автоунаа айдаган жаранга айып пул салуу менен чектелебизби. Андай айдоочуларды өмүр бою автоунаа айдоо укугунан ажыратыш керек", - деген депутат өкмөткө жаңы эрежелерди өзгөртүүнү сунуштады.