Учурда  мамлекеттик ипотека боюнча жеӊилдетилген насыялардын үстөк пайызы 8-9 пайыздын тегерегинде болууда. Мындай пайызды төлөө  насыя алуучуларга өтө эле оор.

 

Мындай пикирин депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

 

Айтымында, ипотекалык насыянын пайызын мугалимдер менен дарыгерлер  төлөй албайт.

 

"Өкмөт быйыл ипотекалык насыялардын үстөк пайызын 4 пайызга чейин төмөндөтүү чараларын көрүшү зарыл.  Калкыбыздын калыӊ катмары кыйналып турат. Анын ичинде мамлекеттик ипотека насыяларын алган адамдардын азыркы абалын түшүнсөк болот. Алар азыркыдай 8-9 үстөк пайыздуу насыяларды төлөй албайт. Ошондуктан, аны 4 пайызга чейин төмөндөтүшү керек. Өкмөт бул боюнча кандай чараларды пландаштырып жатканын уккубуз келет. Эгерде алар жөндүү сунуш бере албаса, анда андай сунушту биз беребиз», - деди ал.