"Жаӊы тышкы иштер министри Чыӊгыз Айдарбеков акыркы мезгилде туристке айланып калды, барбаган өлкөсү деле калган жок. Эми, мындай саякаттарды токтотуп, иштеш керек да. Өткөндө андан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын атынан иштеген консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин тизмесин сураган элем, жарытылуу жооп ала алган жокмун", - деди депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеӊеш жыйынында.
Айтымында, анын өтүнүчүнө министрлик 200-300 барактан турган жооп кайтарышкан. Бирок, мазмунунда маанилүү эч нерсе жок.
"Ушундай кыла берсе болобу? Эмне деген мамиле? Уят! Урматтуу, Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги өкүлү, бир аптанын ичинде Тышкы иштер министрлигинен биздин консулдар менен дипломатиялык өкүлчүлүктөр жөнүндө так маалымат алып берүүӊүздү өтүнөм», - деди депутат.