Экс-спикер Ахматбек Келдибеков “Азия Ньюс” гезитине болгон доо арызынан баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Гуля Рыскулова билдирди.
Айтымында, аталган гезит эми экс-спикерге миллион сом төлөп бербейт, бирок буга дейре жарыяланган Келдибеков тууралуу жалган маалыматтарды камтыган макаланы төгүндөөгө тийиш.
Эске салсак, Келдибеков гезиттин башкы редактору Арслан Сарптаевге карата доо арызынан да баш тарткан.