Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду рак оорусунан дарыланып жаткан кыргызстандык кызды ооруканага барып көрдү. Кыз учурда Италиядагы ооруканалардын биринде жатат.

 

Бул тууралуу соцтармакка Онкология жана гемотология Улуттук борборунун илимий кызматкери Дамира Байзакова жазып чыкты.

 

 Маалыматка караганда, кыргызстандык Юна Кыргызстандан химиотерапиядан өткөн жана Туринге андан аркы дарылануу курсун алуу үчүн кеткен.