Жогорку Кеӊеш жыйынында Төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз парламентинин атынан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасын Бириккен Арап Эмиратында өтүп жаткан Азия кубогу үчүн болгон кезектеги оюнда Филиппин командасын 3:1 эсеби менен утуп, мелдештин плей-офф тобуна чыгышы менен куттуктады.
«Кечээ, 16-январь күнү футбол боюнча Азия кубогунун кезектеги оюнуна Президент Сооронбай Жээнбековдун ак батасы менен барган Кыргызстандын курама командасы миӊдеген кыргыз күйөрмандарынын ишенимин актап, Филиппин командасын ири эсеп менен утуу менен, Азия кубогунун 1/8 баскычына чыкты. Бул өлкө турмушундагы өтө сыймыктуу окуя болуп саналат. Биздин команда мындан ары да жакшы оюндарды көрсөтө ала турганына ишенебез», - деди ал.