- Быйыл айылда кар абдан аз жаады. Ошондуктан, карышкырлар айылдарды дагы беймарал жойлоп, элдин малын чекесинен эле жеп жатат. Ушундан улам эгерде карышкырларды мергенчилерге аттырууну каалагандар болсо, Папан айыл өкмөтү тарабынан мергенчилерге ок-дарылар дагы берилет,- деп кошумчалады айыл башчысы.
Тилекке каршы, Кара-Суу районундагы Кожокелең айылынын жашоочулары азырынча эч кандай чечкиндүү кадамга барыша элек.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, “Майдан.kg” гезити