Акыркы маалыматка таянсак, жүк ташыган MAN автоунаасы Ош-Исфана багытында катуу ылдамдыкта келатып, Toyota Estima жеңил автоунаасы менен кагылышкан. Мунун кеспетинен 17 жаштагы И. уулу Т. жана 28 жаштагы Ш.М. жеринде эле каза табышты. Ал эми 19 жаштагы К.П. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында көз жумду. А дагы жабыркаган төртөөнү ооруканага дароо жаткырышты.
Ушул тапта аймактык жол көзөмөлдөө милициясы бул фактыны ар тараптуу териштирип жаткан чагы.
“Майдан.kg” гезити