Жогорку Кеӊеште мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

 

Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Демилгечилердин бири Мирлан Жеенчороевдин айтымында, Конституцияда акысыз билим берүү укугу кепилденип, негизги жалпы билимг милдеттүүлүк белгиленген. “Биз билим берүү тармагына бир катар талдоо жумуштарын жасадык. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамда жалпы билим берүүнүн баардык үч деңгээли – башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүү кепилденет”, - деди ал.

 

 

Демилгечилер тийешелүү билим деңгээлинин жетишсиздиги жаштардын бир бөлүгүнө социалдык жана экономикалык жактан терс таасир тийгизерин белгилешет. Мисалы, бир жылда орто эсеп менен өспүрүмдөр тарабынан жасалган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталууда.

 

“Ушу тапта 9-классты бүтүргөн 13 миӊден ашуун бала билимин андан ары уланткан жок. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды ишканалар жумушка албайт. Ошондон улам, негизги жалпы билим алган жактарга милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда”, - деди баяндамачы.

 

Алдынала эсептөөлөргө караганда, милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү үчүн республикалык бюджеттен жыл сайын кошумча 757 млн сом, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн сом талап кылынат. Бирок, мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

 

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.

 

Талкуу жүрүшүндө Рада Туманбаева, Айтмамат Назаров, Бакирдин Субанбеков сындуу бир катар депутаттар сунушталган билим берүү тармагына милдеттүү жалпы орто билим берүү, башталгыч же орто кесиптик билим берүү ченемдерин киргизүү мыкты демилгелердин бири экенин баса белгилөө менен бирге, өз кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Өкмөт дагы мыйзам долбооруна оӊ корутундусун бергени белгилүү болду.

 

Белгилей кетсек, 2019-жылдын республикалык бюджетинде өлкөнүн жалпы билим берүү тармагына 32 млрд сом көлөмүндө каражат каралган.