Бишкектеги Жибек Жолу проспектисинде бүгүн саат 7лерде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Nissan үлгүсүндөгү автоунаа аялды сүзүп кеткен. Аял жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилке менен жолду кесип өтүп бараткан.

 

Жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Автоунаа айыппул төлөнүүчү жайга киргизилди.