“Элдик кошуундардын биримдиги” уюму жаштарды булганган саясатчылардын куралына айланбоого чакырды. Аталган уюмдун төрагасы Тариэль Искаков маалымат жыйынында, эртеңки митингде коомдук тартипти камсыздай турушканын билдирди.

 

“Биздин уюм эртеңки митингде коомдук тартипти камсыздайт. 2010-жылдан бери бардык митингдерде коомдук тартипти көзөмөлдөп келгенбиз. Акыркы үч жылда гана митинг өткөрбөй калышты эле, эми кайра жанданды”, - деди ал.

 

Анын айтымында, кайсы бир күчтөр кыргыз-кытай мамилесине көлөкө түшүргүлөрү келип жатат. Кытайдын Кыргызстанга аймактык эч кандай талабы жок.

 

“Кытай биздин ички ишибизге кийлигишпейт. Кыргызстан-Кытай чегарасы толугу менен делимитацияланган. Ошондуктан, бардык жарандарга провокацияга алдырбагыла, булганган саясатчылардын куралы болбогула, саясий оюндарда пешкага айланбагыла деп айтабыз”, - деп белгиледи Искаков.     

 

Эртең, 17-январда Кыргызстандагы кытай жарандарына каршы митинг өткөрүлөөрү айтылууда.