Бишкек шаардык соту эрезеге жете элек кызга кол салган эркекке карата өкүм чыгарды. Айыпталуучу сегиз жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абактан өтөй турган болду.

 

Маалыматка караганда, И.А. аттуу жаран кызды машинесине отургузуп, Чоң Чүй каналы тарапка алып барган. Машиненин салонунда кызды жылащачтанып чечинүүгө мажбурлап, колу менен көкүрөгүн, жыныстык мүчөсүн кармалаган. Андан кийин кызды жылащач абалында телефонуна сүрөткө тартып алган. Эгер кыз бул окуя тууралуу кимдир бирөөгө айта турган болсо, сүрөтүн соцтармакка жарыялаарын айтып коркутат. Андан кийин да кызды сүрөт менен шантаж кылып, жолугушууга мажбурлаган.

 

Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алды. Ал жабырлануучу менен анын үйүнө барганда таанышып калганын билдирген.

 

 Айтымында, кыздан сатыла турган үйдү сурап туруу үчүн телефон номерин сурап алган. Андан кийин телефон аркылуу жазыша баштаган. Жазышуу учурунда кыз эркектен 2 миң сом карызга акча сураган.

 

Алар жолугушканда кыз өзү автоунаага отуруп, денесинин интимдик бөлүктөрүн өзү көрсөткүсү келген имиш. Бирок, жыныстык катнаш болбойт деген. Эркек макул болгон. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин кыз эркекти үйүнө чакырган. Эркектин оюнда аны менен жыныстык катнашка баруу ниети болгон эмес, ал жөн гана кыз өзү телефондон сүрөттөрүн өчүрүп, көңүлү тынсын деп барган. Ал эми кыздын жашы канчада экенин билген эмес