Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев өкмөткө сын айтты. Ал жаңы айыппулдар өкмөттү уятка калтырганын билдирди.

 

“Кодекстер күчүнө кирди, а биздин аткаминерлер айыппулду кантип төлөтүүнүн жолун билишпейт. Өкмөт жаңы айыппулдар менен шерменде болду. Райондук администрация эреже бузгандардан 5500 сом төлөтүп ала албай жатышат. Анткени, механизм жок”, - деди депутат.

 

 

 Депутат ошондой эле министрлердин ишине нааразычылыгын билдирди. Ал Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүктөр жетиштүү текшерилбейт дейт. Өкмөт бул жаатта статистика менен гана чектелип, базарларга барып, маалыматты тактоону ойлонгон да жок.

 

Төрөбаев Жогорку Кеңешке өкмөттү чакырып, ушул суроолорго жооп алууну сунуштады.