Башкы прокуратура тарабынан 49 жасалма афганчыга жети кылмыш иши козголду. Алардын аракетинен  КР Кылмыш жаза кодексинин “Көз боемочулук”, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалуулук” жана “Жасалма документти атайын пайдалануу” беренелеринин негизинде кылмыш белгилери табылды.

 

Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

 Маалыматка караганда, учурда Аскер прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Мындай фактылар Ош, Ноокат, Кадамжа   й, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарында жана Чегара кызматынан да табылган. Мамлекетке келтирилген зыяндар 29 миллион  294 миң сомду түзөт.

 

Афганистандагы согушка катышкандарды аныктоо үчүн Россиянын, Өзбекстандын, Украинанын жана башка мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөргө өз убагында сурамжылоо жиберилген.