10-январда Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынын кыргыз-тажик участкасында же Баткен облусунун аймагындагы “Ортобоз” жана “Достук” чегара заставаларынын жаңы комплекстери жана аталган кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын “Бөрү” атайын милдет аткаруучу отрядынын комплекстүү имараттары пайдаланууга берилди. Модулдуу имараттардын заманбап комплекстери өзүнө бардык зарыл болгон инфраструктураны камтыйт.

 

Бул имараттар Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Евразиялык экономикалык кызматташтыкка (ЕАЭК) кошулуу процессинин алкагында КРга техникалык колдоо көрсөтүү Келишимине ылайык жүргүзүлдү.

 

“Кыргызстандын ЕАЭК интеграцияланышынын алкагында, заманбап чегара комплекстери, өткөрүү пункттары курулмакчы жана курулуштар дагы уланмакчы. Муну менен биз бүгүнкү күнү жаралып жаткан коркунучтарга жана чакырыктарга каршы тура алчу чегара коопсуздугунун эффективдүү системасын түзүүдөбүз”,-деди КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев аталган чек ара бекеттериндеги жаңы курулган заставалардын ачылыш салтанатында сүйлөгөн сөзүндө.

 

Орусия мындан тышкары 15-январда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына жүзгө жакын аскердик техникаларды да бекер өткөрүп берди.

Эми ушул заманбап чек ара бекеттери жана аскердик техникалар өлкөбүздүн аймагын террорчулардан тышкары Тажикстандан эсепсиз суммада келип жаткан жана ал жакка чыгарылган аткезчилик жүктөрдү ооздуктоого салым кошсо жакшы болот эле. Анткени Кыргызстан ЕАЭБге мүчө, ал эми Тажикстан бул уюмдун мүчөсү эмес. Демек, тиешелүү бажы акысы төлөнбөй өтүп жаткан товарлар бир эле өлкөбүздүн эмес, бүтүндөй ЕАЭБдин казынасына зыян келтирүүдө.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити