Бишкектеги Орто-Сай базарынын сатуучулары митингге чыгышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, сатуучулар базардын жанында эле митинг өткөрүп жатышат. Алар ижара акысынын кымбатташына нааразы болушууда. 

 

30 чакты сатуучу чогулуп, талаптарын айтышууда. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлгө алып турушат. Митинчилер тарабынан эч кандай эреже бузуу катталбады.