Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев жыйында экс-мэр Нариман Түлеев шаарды башкарып турган кезинде Токтогул-Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бала бакчаны менчиктештирип алып, анын аймагына «Рахат Palace» соода борборун курганын билдирди. 

 

Бул билдирүүгө экс-мэрдин жообу күттүргөн жок. 

 

Түлеев депутаттын билдирүүсүн "мени жаманатты кылгысы келип жатат" деп кабыл алды. Ал алгач   менчикке өткөрүлүп кеткен  автобустук парк тууралуу түшүндүрмө берди. 

 

 

"Дагы бир жолу кайталайм, автобустук паркты менчиктештирилишине менин да, муниципалитеттин да катыштыгы жок. Менин билишимче, ал башында мамлекеттин карамагына өткөн да, андан кийин мүлктү башкаруу кызматы аркылуу менчикке берилген. Унутпасам, мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондун ошол убакта Турдумамбетов жетектеген.  Мэр болуп турган кезимде бул чечимди жокко чыгарууга аракеттенгенбиз, ал турмак автопарктын аймагына чоочундарды киргизүүгө тыюу да салганбыз", - деди Түлеев. 

 

Ал эми жогоруда аты аталган соода борбору тууралуу экс-мэр мындай дейт. 

 

"Бул аймак менчикке 2008-жылдын июлунда, мен мэр боло электе кеткен. Ал жерде анда бала бакча жок болчу, бир нече жеке менчик ээлеринин офисттик имараты бар болчу. Алар имаратты өз өзүнчө сатышкан, андан кийин гана атам жер тилкесин жана пайдаланылбай калган имаратты салып алган. Сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр 2006 же 2007-жылы жүргөн. Соода борбору 2011-жылы курулган. Келишимдин баары мыйзамдуу, ошондуктан бир дагы мамкызмат текшеришкенден кийин эреже бузуу таба алышкан эмес". 

 

 

Экс-мэр бул билдирүү маркум атасынын атына да көлөкө түшүрүп жатканын белгилеген. 

 

"Менин атам мыйзамга баш ийген адам болгон. Бул билдирүү менен анын жаркын элесине көө жабуу аракети жасалууда. Биз муну жөн калтырбайбыз. Депутат менин жана менин үй-бүлөмдүн абийирине шек келтирип жаткандыктан, сотко арыз жазабыз. Моралдык чыгымдын суммасы ири болот, миллиондогон сом. Депутаттын артында турган адамдар төлөп беришсин.

 

Депутаттын эч кандай документке таянбай эле айтып жатканы таң калыштуу. Анын өмүр баяны жана шаардык кеңешке алып келген партиясы бир катар жыйынтыкка келүүгө өбөлгө болду. Мен ал депутаттан ушундай билдирүү таратуусун Өмүрбек Бабанов суранып жатат деп болжолдосом болот. Бул Бабановго кандай пайда алып келет деген да таң калуу жок эмес. Бабановдун өзүнүн маселелери жетиштүү, саясаттан арызы менен кетти, биздин ишкер-кызыкчылыгыбыз бири бири менен кайчы келбейт, ар бирибиздики өзүнчө чийинде".