Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Канайын Бактыгулованын Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине талапкерлигин карап, бир добуштан колдоого алышты.
Канайым Бактыгулова 2013- жылдан 2017-жылга дейре Кытайда дипломатиялык миссияны жетектеген.
Эске салсак, буга дейре Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп Азамат Үсөнов иштеген. Өткөн жылдын декабрь айында президент Жээнбековдун буйругу менен отставкага кеткен.