Бишкек-Ош унаа жолунда бензин жүктөгөн автоунаа оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, окуя 13-январда болгон. Автоунаа капталдап жатып калган. Кырсыктан айдоочу жабыркап, Кара-Көл шаарынын ооруканасына кайрылган. Окуя болгон жерге куткаруучулардын бригадасы барган.